Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” жарлыкка кол койду. Кыргызстанда ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров экологиялык таза Асман шаарын курууну ишке ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыктын башкы милдеттери “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо, көлдүн жанаша аймагын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү контролдоону камсыз […]Читать далее
“Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде калкка кызмат көрсөтүү системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, […]Читать далее
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулсун. 2. Төмөнкүлөр бекитилсин: – «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» […]Читать далее
ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган Протокол менен 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине өзгөртүүлөр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 11-октябрда Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышты. Иш-чарага Армения, Иран, Пакистан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголиянын президенттери, Түркиянын Улуу Улуттук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров шаардыктарды карточка алып, коомдук транспортто накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. “Урматтуу Бишек шаарынын тургундары! Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? “Тулпар” же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. Накталай эмес төлөм аркылуу – “Тулпар” картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) улуу түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Сердар Гурбангулыевич, Ардактуу өлкө башчылары, Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумга катышуу үчүн Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтык жана өнүгүүнүн негизи” эл аралык форумуна […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) иш сапары менен келди. Мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго […]Читать далее