Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган “Торугарт 2” көзөмөл-өткөрүү пунктун (КӨП) ачты. Мамлекет башчысына “Торугарт-1” жана “Торугарт-2” деп аталган КӨП 1993-жылы курулган, ошол жылы курулган үчүн “Торугарт-2” 2010-2018-жылдар мезгилинде Кытайдын колдоосу менен курулганы боюнча маалымат берилди. Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Азыркы учурда Бишкек – Ош автомобиль жолунда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында […]Читать далее
Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер мамлекеттин коопсуздугу менен аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдетин так аткаруу үчүн күн-түн дебей кызмат өтөп, Мекен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Жер титирөөнүн кесепетинен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин […]Читать далее
Президент кыргызстандыктарды өлкөнүн Мамлекеттик гимнинин кабыл алынган күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Мамлекеттик гимнинин кабыл алынган күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калайык-калк! Өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон кийин мамлекет катары өзүнүн символдорун да кабыл алган. Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын баш урааны болгон мамлекеттик гимнибиз 1992-жылдын 18-декабрында “легендарлуу парламент” тарабынан жактырылган. Белгилүү жазуучулар Жалил Садыков менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров быйыл да жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрбөйт. Мунун себебин мамлекет башчы “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде түшүндүрүп берди. — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич? Сиз эки күн бою Элдик курултайдын ишине баштан-аяк катышып, соңунда делегаттар тарабынан берилген дээрлик бардык суроолорго жооп бердиңиз. Дээрлик дегеним, бардык суроолорго жооп берип, “Эмнеге жыл соңунда журналисттерге маалымат жыйын өткөрбөйсүз” […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештер! БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары аныкталган. Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл […]Читать далее
Садыр Жапаров Кувейттин мураскер ханзаадасына Кувейттин Эмири дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кувейт Мамлекетинин Эмири, шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кувейттин мураскер ханзаадасы Мишаал Аль-Ахмад Аль Джабер Аль Сабахка көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кувейт Мамлекетинин Эмири, шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахдын мезгилсиз дүйнө салгандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Кувейт […]Читать далее
“Өлкөдө коррупция менен күрөш улантылат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө делегаттардан түшкөн суроолорго комментарий берип жатып, баса белгиледи. Мамлекет башчысы бул багыттагы иштер күчөтүлөрүнө өзгөчө басым жасады. Мындан тышкары, Курултайдын жүрүшүндө Садыр Жапаров укук коргоо органдарына тез арада Ош облусунун Алай районундагы Социалдык фонд башкармалыгынан келип түшкөн […]Читать далее
«2024-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сомдон бөлүнөт”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө айтты. Мамлекет башчысы региондорду колдоо боюнча иштер туруктуу өнүгүү максатында улантыларын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров учурда Каракол шаары өзгөрүп, күн сайын кулпуруп, жаңыланып, анын аркасында туристтердин агымы көбөйүп жатканын билдирди. […]Читать далее