Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан санариптик активдерди киргизүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын баса белгиледи. Ал санариптик […]Читать далее
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү
Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен инновациялык долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл көлүнүн аймагындагы жейрендин популяциясын жана таралган аймагын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. «Жейрен-Ордо» долбоорунун демилгечилери жана уюштуруучулары «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы болуп саналат. Долбоордун максаты – бир кезде кеңири жайылып, бирок браконьерликтин жана жаратылыш аймактарынын өзгөрүшүнөн улам тукум курут […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Улуттук санарип валютасынын – санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам улуттук санариптик валютанын прототиби “санариптик сомдун” пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле укуктук негизди жана анын статусун түзүү максатында иштелип […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамды жаңы редакцияда кабыл алуунун максаты шектүү же айыпталуучу каза болгондо, же катуу ооруганда милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү маселеси боюнча ченемдерди конкреттештирүү, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо” долбоору боюнча гранттык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул конституциялык Мыйзамдын максаты “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “КР Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды. 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 32 адамды түзөт. Тескемеге […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар стратегиялык кызматташтыкты, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле ар кыл багыттагы эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты. Мамлекет башчысы боордош Түркия менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Катар Мамлекетинин Улуттук олимпиада комитетинин Президенти шейх Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды. Спорт тармагындагы кыргыз-катар кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде олимпиадалык кыймылды илгерилетүү жана спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды. Садыр Жапаров Катар Мамлекети ири спорттук иш-чараларды өткөрүүдө эбегейсиз тажрыйба топтогонун жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө жана […]Читать далее