Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Буга чейин жетишилген […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган. Аталган мыйзамда КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келди. Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, […]Читать далее
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди. Анын жообун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Эске салсак, Энтони Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдогон. 9-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Быйылкы Саммит Өкмөттүн ишин өзгөртүү, жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде санариптештирүүнүн артыкчылыктары тууралуу пикирин билдирди. — Сиздин дайыма планшет же ноутбук колдонгонуңузду көрүп жүрөбүз. Айрым жарандардын “колунан планшети түшпөйт” деп сындап калганын да угабыз. Планшетти качантан бери колдоносуз жана анын кандай артыкчылыктары бар? — 2007-2008-жылдардан бери колдоном. Ал кезде интернетке кирип туруш үчүн көбүнчө Айфон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Мыйзамда биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, ал эми бажы органдары тарабынан экспертизадан өткөрүү талап кылынбайт деп белгиленген. Мындан […]Читать далее
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды шылуундардын кылтыгына илинип калуудан сак болууга чакырды. Анын айтуусуна караганда, социалдык тармактарда белгисиз шылуундар президент Садыр Жапаровдун видеосун колдонуу менен, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтерди таратып жатышат. ““Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот” деген өңдүү күмөндүү иш аракеттер жалган маалымат экенин […]Читать далее