Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, өлкөгө иш сапары менен келген Европа биримдигинин жогорку өкүлү – Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррелди кабыл алды. Кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги жана энергетика, транспорт жана суу ресурстары, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Европа биримдиги өлкөнүн эгемендүүлүк […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Ушул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган түзөтүүлөрдү карайт. Мында, атап айтканда кабыл алынган мыйзам менен көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара Кыргыз темир жолунун тарыхына жана түптөлүшүнө арналган тасманы көрсөтүү менен башталды. Президент Садыр Жапаров сүйлөп жатып, “Кыргыз темир жолу “Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин, ошондой эле улуттук маанидеги темир жолдун түптөлүшүнө зор салым кошкон ардагерлерди […]Читать далее
«Биздин темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат. Мына ошондуктан Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз», – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, «Кыргыз темир жолунун» 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун филиалы болгон Чүй облусунун Токмок шаарындагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводго барды. Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын августунда сыноо режиминде ишке киргизилген. Ишкананын ишмердүүлүгү эски автомобиль шиналарын кайра иштетүү аркылуу өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган. “Калдыктарды акчага айландырабыз” долбоорунун максаты немец […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Ушул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди мыйзамдык жактан консолидациялоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча комментарий берди. — Париждеги элчилигибиздин жаңы имараты менен таанышып жатып, мамлекет дүйнө жүзүндөгү дипмиссиялар үчүн имаратты, батирлерди сатып берерин айттыңыз. Ушул демилге боюнча кененирээк маалымат бересизби? Казынага оорчулук жаратпайбы? Ижарага эле алып иштете берсе болбойбу? […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, баш калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине пландан тышкары барды. Мамлекет башчысы Бишкек-2 темир жол бекетин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Темир жол бекети 1938-жылы курулган. Акыркы он жылда Бишкек-2 темир жол бекетинин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Садыр Жапаров имараттын учурдагы оңдоо иштери менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасында билдирүү калтырып, анда Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катыша турчу кыргыз спортчуларына ийгилик каалады. “33-Жайкы олимпиадада кыргыз спортчуларын ийгилик жылоолоп, Ата Мекенине албан жеңиштер менен кайтсын! Эл аралык Жайкы олимпиада оюндары дегенде баарыбыздын эсибизге эң алды оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, жөө күлүктөрүбүз Сатымкул Жуманазаров, Мария Кулчуновалар эске түшөт. Өз мезгилинде […]Читать далее