Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү. Алтынчы Консультативдик жолугушууга Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия […]Читать далее
Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышууда. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев делегация башчыларын тосуп алды. Андан соң сүрөткө түшүү аземи болду.Читать далее
Учурда Франциянын Париж шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Бул спорттук мелдештерде кыргыз балбандары күчүн сыноодо. Аны менен кошо акыркы күндөрү коомчулукта спортчуларга жеткиликтүү шарт түзүлбөгөндүгү тууралуу да сөздөр талкууга алынууда. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчыдан комментарий алды. — Ушул күндөрү Париждеги Олимпиада оюндары дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Кыргызстандын дагы көңүл борборунда. Соцтармак колдонуучулары […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 8-августта, Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын достугунун жана жакын коңшулаштыгынын көп кылымдык салттарына арналган “Достук кечеси” гала-концертине катышты. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары катышты. Гала-концерттин алдында өлкө лидерлери көркөм сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты. Маданият жана искусство ишмерлери чогулгандарга аймактын элдеринин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбордук Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн, Ардак кароолдун ротасы тизилген. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Расмий делегациянын курамындагылар: – тышкы иштер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөлөрү жана грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековду Парижде (Франция) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады. “Коло медаль алсаңар да элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын уткандай жакшы көрөт. Андыктан, көңүлүңөрдү чөгөрүп башыңарды ийбегиле! Эң негизгиси эли-журтуңардын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты республиканын калкына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо болуп саналат. Мыйзам […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы чогулгандардын бардыгын маанилүү окуя менен куттуктап, эгемен Кыргызстандын тарыхы тагдыр чечер оош-кыйыш окуялар, өнүгүү жолуна түшүүдөгү түмөн түйшүктүү иш-аракеттер менен коштолуп келгенин белгиледи. Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарованы Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медаль утушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш […]Читать далее