Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады. “Сизди, бардык жакындарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл мусулман жамааты чоң сүйүнүч жана кубаныч менен тосуп алган ыйык Рамазан айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Көптөгөн кылымдар бою жалпы тарыхый, диний, маданий жана агартуучулук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар! Сиздерди Ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын! Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. “Ак саамайлуу апалар жана ажарлуу эже-карындаштар! Асылзат айымдар! Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бул күн – Аялзатынын ажары менен адебинин, абийири менен ар-намысынын, сырткы жамалы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугунун символу. Эзелтен аялзатына өзгөчө мамиле жасап, мээримин төккөн, […]Читать далее
КРнын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган. Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды. Анда өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган. Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты. Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын […]Читать далее
«Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» Мыйзамга
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу каралган: – баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө […]Читать далее
Өлкөдө убактылуу электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилди. Мындай чара Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегатты, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерине байланыштуу көрүлүүдө. Карапайым калк арасында убактылуу көрүнүшкө түшүнүү менен карагандар болсо, айрымдары нааразычылыктарын айтып чыгууда. Бул пландык өчүрүүбү же чын эле энергетика тармагындагы оор кырдаалдан кабар береби? Токтогул суу сактагычындагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын […]Читать далее