Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, “China State Railway Group Co., Ltd.” компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнду кабыл алды. Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлде экендигин канааттануу менен белгиледи. Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын Төрагасы Си […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Президент өз сөзүндө жарандардын жана алардын мүлкүнүн корголушун камсыз кылуу үчүн камсыздандыруунун, ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал жарандарды коргоо, алардын укуктарын менен эркиндигин коргоо сыяктуу эле, мамлекеттин приоритети болушу керектигин айтты. Садыр Жапаров акыркы 30 жылда камсыздандыруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Граждандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 7-мартында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысына мобилдик клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтүп, медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алса болору маалымдалды. Садыр Жапаров клиниканы карап чыгып, медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабарга” берген маегинде камактагы жаран Мелис Аспековдун катына комментарий берди. “Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок”, – деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун социалдык тармакта Мелис Аспековдун каты жарыяланган. Анда ал октябрь окуяларында Садыр Жапаров Райым Матраимовдон 3 млн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 13-мартта жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алып, динди жайылтууда Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирүү менен салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган. Эртеси мамлекет башчы Бекназаров, Матраимов, Атазов тууралуу маек берип, анда өлкөдө митинг кылууга аракет кылгандарга карата мамлекет тарабынан катуу жооп болорун билдирген. Салтка айланып калгандай бүгүн […]Читать далее
Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Владимир Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Россия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. “Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготууңузду тең бөлүшөм. Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Мындан туура 22 жыл мурун авторитардык бийликке каршы жалпы элдик козголууга түрткү берген Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхындагы кара тамга менен жазылган саясий окуялардын бири болуп калды. Ар жылы ушул күнү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, президент ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү. Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады. Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими […]Читать далее