Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Андрей Страчкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Элчиге аткарган иши жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык корпустун дуайени катары активдүү иши жана өлкөдө өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чараларына […]Читать далее
Президент “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн модернизациялоону тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысына техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр, жетишилген жыйынтыктар, ошондой эле ишкананы оптималдаштыруу жана реформалоо боюнча пландар тууралуу маалымат берилди. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда “Кыргызжылуулукэнергонун” балансында 160 откана бар, алар республика […]Читать далее
Жакынкы 10 жылга Кыргызстанда футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоору даярдалат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ушул Жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп саналат. Кыргыз Республикасында футболду […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: “Урматтуу кыргызстандыктар! Соңку тарыхыбызда коррупцияга чырмалышып калган авторитардык бийликке каршы күрөш кечээ жакында белгиленген Аксы окуясынан башталып, мына бүгүн эскерилип жаткан 24-марттагы Элдик революция, 7-Апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду. “Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм. Бул кылмышты […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Ноорузду майрамдоого катышты. Иш-чара майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы гармониянын, жаңылануу менен кайра жаралуунун маанилүүлүгү тууралуу театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды. Андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көрктөнүп келе жаткан жаратылыш менен баба дыйкандын ажырагыс биримдигин даңазалаган бул майрамдын мааниси бийик, шааниси ыйык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкектин батыш тарабында жайгашкан “Аккула” ат майданынын жаңы курула турган имаратын түптөө үчүн “мезгил кутусун” салды. Жаңы ат майдан курула турган жерде чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, Садыр Жапаров жакшынакай саамалыкта – күн менен түн теңелип, жандануунун башаты болгон Нооруз майрамында баардыгы менен жүз көрүшүп жатканына кубанычта экенин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кадырлуу калайык-калк! Алыс-жакында жүргөн урматтуу мекендештер! Биз – ар дайым кечээги өтмүшүбүзгө сереп салып, кылымдарды карытып келген ата-баба мурастарын кастарлап, сый мамиле кылган элбиз. Байыркы бабаларыбыз жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын улуттук камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн камсыздандыруу рыногуна карата ишенимин жогорулатуу, камсыздандырылуучулардын (пайда табуучулардын) өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө келтирилген залал менен байланышкан зыяндын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Мамлекеттик органдар, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын ишинен кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, компаниянын кеңсесине мамлекет башчысы “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышуудан соң баш бакты. Эки компания бир көп кабаттуу имаратта жайгашкан. “Президент Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесин карап, келген жарандар менен баарлашты”, […]Читать далее