Президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Казакстан үчүн жөн гана коңшу эмес, боордош өлкө жана маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи. Жалпы тарыхка жана руханий баалуулуктарга таянып, эки өлкөнүн элдери терең […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өттү. Президент салттуу түрдө достук мамиледе, жылуу жана ишеним маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө канааттануу менен айтты. Саясий, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон расмий сапардын алкагында өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык […]Читать далее
Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргызcтан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Казакстан Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 18-апрелде, Мамлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты. Жогорку деңгээлдеги меймандар үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын артисттери “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык өнөрлөрдү жана башка музыкалык номерлерди аткарышып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, расмий сапары менен Казакстан Республикасына келди. Астананын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Астана шаарынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген. Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, расмий сапар менен Казакстан Республикасына учуп кетти. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында Мамлекет башчысы Казакстандын Президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын Президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Президенттин Жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген. Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Тоголок жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат: 1. 2024-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстан Республикасына расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Президент Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча […]Читать далее