Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Баарынан мурда Азербайжан Республикасынын Президенти, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевге Азербайжан Республикасына мамлекеттик сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 24-апрелде бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. “Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Биргелешкен Декларациясы”. 2. “Азербайжан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи отурумунун чечими”. 3. “Азербайжан […]Читать далее
Президенттер Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин (ЖМАК) Экинчи жыйынын өткөрүштү. Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, мамлекеттик сапардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди мындан ары бекемдей турганына ишеним билдирди. Азербайжандын Президенти […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарында Азербайжага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды. Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген […]Читать далее
Бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү. Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына келди. Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын Премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев тосуп алды. Баку шаарынын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилди. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аларга берилген кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын бир катар аймактарында катуу жааган жаандан улам катталган селдин кесепеттеринен жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдири. Белгилей кетсек, акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Республикасынын Сенатынын делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду. Француз сенаторлору менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани […]Читать далее