Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин негизги маселелерин да талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү […]Читать далее
Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады. Баарлашуу учурунда мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.Читать далее
Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Президент Садыр
Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Сизге мүнөздүү лидердик сапаттардын – стратегиялык ой жүгүртүүнүн, чечимдерди кабыл алуунун тайманбастыгынын, компромисстерди таба билүүнүн жана туруктуулукту көрсөтүүнүн аркасында – Кыргыз Республикасында калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы бекемделүүдө. […]Читать далее
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду туулган
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Биздин эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээли мындан ары да түркмөн-кыргыз өнөктөштүгүн жана багыттардын бардык спектри боюнча мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүү үчүн бекем негиз болуп берет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.Читать далее
Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ошондой эле алдыга койгон максаттарды жана пландарды ийгиликтүү ишке ашырууңузга тилектешмин. Боордош элдерибиздин ортосундагы достук жана кызматташтык мындан ары да биздин өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн бекемделип, өнүгө берет деп ишенем”, – деп айтылат Казакстандын […]Читать далее
Татарстан Республикасынын Раиси (Башчысы) Рустам Минниханов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Сиз глобалдык өзгөрүүлөр доорунда Кыргызстанды жетектей баштадыңыз жана тажрыйбалуу коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер катары өлкөнүн системалуу ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун көп татаал милдеттерин ишенимдүү чечип жатасыз. Жогорку жана жооптуу кызматта мындан аркы жемиштүү иштөөңүз үчүн түгөнгүс күч-кубат, келечектүү экономикалык […]Читать далее
Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Сиздин мамлекеттик иш тажрыйбаңыз Кыргызстандын турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн бекемдөө кызыкчылыктарына мындан ары да кызмат кыла берет деп ишенем. Жогорку деңгээлдеги активдүү диалог, парламенттердин жана экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын линиясы […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында боордош Кыргызстан мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, эл аралык аренада кадыр-баркты жогорулатууда жана элдин бакубаттуулугун жакшыртууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Түркмөнстандын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташуусунун азыркы деңгээлин жогору баалап, Сиздин жеке көңүл бурууңузду жана биздин достук мамилелердин өнүгүшүнө […]Читать далее
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасында жарандардын бакубаттуулугун камсыздоого, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана анын аброюн бекемдөөгө багытталган маанилүү өзгөрүүлөр ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Беларуста достук мамиледеги Кыргызстандын жетишкендиктерине чын дилден кубанууда. Биз бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле эл […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. “Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты […]Читать далее