Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Эгемендүүлүк Сарайында “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин жыйынына катышууда. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчыны Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктаган соң делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен учурашып, Кытай тарап Кыргыз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы элчиге кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ал иштеген мезгилде эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы баракчасы ачылганын белгиледи. Президент саламаттыкты сактоо, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтык […]Читать далее
“Эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт”, – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Кант шаарындагы Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү аземинде. Заводду модернизациялоо заманбап технологияларга негизделген, бул өндүрүштүн көлөмүн арттырууга, өндүрүмдөрдүн сапатын жакшыртууга жана алар менен ата мекендик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Ысык-Ата районунун Ивановка станциясы айылында “Асылташ Керамикс” керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземине катышты. Мамлекет башчы соңку жылдары өлкөбүздө курулуш материалдарын чыгаруу жана кайра иштетүүчү өнөр жайды жандандыруу жаатында жакшы тенденция калыптанып жатканын белгиледи. “Кыргызстан акырындык менен чийки зат экспорттоочу өлкөдөн кайра иштетүүчү мамлекетке өтүп, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты. Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, […]Читать далее
Садыр Жапаров Индиянын премьер-министрине жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр […]Читать далее
Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын […]Читать далее
Президент Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Мен, Кыргыз Республикасынын бакубаттуу жана гүлдөп өнүккөн мамлекетке айлануусуна жол көрсөткөн, өлкөнүн негизги баш багыты деп эсептелген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койдум. Бул стратегиялык документ өлкөнүн орто мөөнөттүү […]Читать далее