Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Президент Садыр Жапаров жана Премьер-министр Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги гүлдөп-өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим өткөн жылы Кыргызстанга […]Читать далее
Бүгүн, 25-июнда, Путраджая шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи болуп өттү. Азем Малайзиянын Премьер-министринин «Пердана Путра» кеңсесинин имаратында өттү. Кыргыз Республикасынын Президентин Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим тосуп алды. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына келди. Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунан Мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди. Эске сала кетсек, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июнда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары жана “Борбор Азия – Россия” форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту. Мамлекет башчы азыркы эл аралык күн тартиби татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөлөрүн баса белгиледи. Бул өңүттө Афганистандагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү. Садыр Жапаров күч-аракеттерди координациялоо жөнүндө […]Читать далее
Бүгүн, 18-июнда президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Төмөнкүлөр ант беришти: — саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев; —архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев; — маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев; — санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов; […]Читать далее
Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалган министрлер ант берди. Ант берүү аземинен кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөдөгү жаңыланууларга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолду. «Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо, салык жыйымдарын арттыруу, шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка коомдук-саясий турмушубузга түздөн-түз таасирин тийгизе турган мыйзам долбоорлорун кабыл алып бердиңиздер. Булар эми […]Читать далее
“Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин алкагында бүгүн, 17-июнда, алты мамлекеттин башчылары видеоконференц-байланыш аркылуу жаңы кызматташтык борборлорунун ачылыш аземине биргеликте катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө түзүлүп жаткан борборлордун ишмердүүлүгүнө жана максаттарына арналган видеоролик тартууланды. Үч “Кытай – Борбор Азия” Кызматташтык борборун түзүү региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Борборлор адистерди даярдоо, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитине катышты. Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды: – Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим; – “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин Астана декларациясы. Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду: – […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинде сөз сүйлөдү. Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт. Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти […]Читать далее