Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары: Беларусь Республикасы – Максим Рыженков, Казакстан Республикасы – Мурат Нуртлеу, Кыргыз Республикасы – Жээнбек Кулубаев, Россия Федерациясы – Сергей Лавров, Тажикстан Республикасы – Мухриддин Сироджиддин жана ЖККУнун Башкы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Чолпон-Ата шаарында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен көп пландуу кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин, ал союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк […]Читать далее
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Минсктеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге
Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Минск шаарындагы (Беларусь Республикасы) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлуп, кабыл алынды: – “Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда иш чөйрөлөрү боюнча милдеттерди бөлүштүрүү механизми жөнүндө” чечим; – “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюу жөнүндө” протокол («IV Чоң» протокол); – […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Бирликке мүчө-мамлекеттердин ИДПсы 18 пайызга өсүп, 2,5 трлн АКШ долларынан ашканы белгиленди. Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү 29 пайызга, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 25 пайызга, ал эми […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы Минск эл аралык көргөзмө борборун кыдырууга катышты. Мамлекет башчысы Беларуста иштелип чыккан жана колдонулган аскердик, атайын жана өнөр жай техникалары менен таанышты. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу-өлкө лидерлери жүк көтөрүмдүүлүгү 450 тонна болгон жүгүн автоматтык түрдө түшүрүүчү БелАЗ-75710 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында IV Евразия экономикалык форумунун «Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечектери» деп аталган пленардык сессиясына катышты. Мамлекет башчысы форумдун модераторунун өнөр жайды өнүктүрүү жана биргелешкен билим берүү, илимий программалар боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасы акыркы жылдары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) келди. Мамлекет башчысынын учагы Минск шаарынын улуттук аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Беларустун премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Малайзиянын 50дөн ашуун ири компанияларынын, ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын башында мамлекет башчысы сөз сүйлөп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып берди. «Биздин өлкөнүн географиялык жана стратегиялык абалы өтө оңтойлуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзия Сенатынын (жогорку палата) төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах жана Малайзия парламентинин Өкүлдөр палатасынын (төмөнкү палата) спикери Джохари бин Абдул менен Куала-Лумпур шаарында жолугушту. Саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчысы Малайзия парламентинин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун […]Читать далее
Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Төмөндө мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти: “Алгач Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим мырзага расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана көрсөткөн жылуу мамилеси, меймандос кабыл алуусу үчүн чын дилимден […]Читать далее