Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы долбоордун жүрүшү жана ишке ашыруунун алгачкы баскычтары боюнча жооптуу адамдардын кеңири отчетторун укту. Атап айтканда, энергетика министри курортту энергия менен жабдуу схемалары тууралуу, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда белгиленген макулдашуу эки өлкөнүн жарандары үчүн Кыргыз Республикасына карата курагы, майыптыгы, багуучусунан айрылгандыгы боюнча камсыздандырууга (республикалык бюджеттен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Азербайжан Республикасына иш сапарынын алкагында Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинде сөз сүйлөдү. Саммиттин темасы “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун жаңы көз карашы” деп аталды. Президент өз сөзүндө Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берет жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжандын Ханкенди шаарына келди. Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» деп аталган шоу-программасына катышты. Иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында өттү. Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана байыркы жылкычылык салттарын чагылдырган карабах аргымактарынын оюндары көрсөтүлдү. Көрүүчүлөргө […]Читать далее
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 3-июлда Агдам районунун Хыдырлы айылында “Айкөл Манас” орто мектебинин ачылыш аземине катышты. Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Өткөн жылдын март айында башталган курулуш толугу менен аяктап, объект пайдаланууга даяр. Мектеп 2,7 гектар аянтка курулган. Заманбап имарат үч окуу блогун, спорттук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда иш сапары менен Азербайжанга барды. Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартиптин актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык тармактардагы маселелерди талкуулашты жана кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын жетишилген жогорку деңгээлине канааттануу билдиришти. Россиянын президенти Владимир Путин экономикалык кызматташтыктагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди Чолпон-Ата шаарында кабыл алды. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына алдыда боло турган сапарын талкуулашты. Мамлекет башчысы биргелешкен аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө […]Читать далее