Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга токойдогу өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Түркия Республикасынын Эскишехир провинциясындагы токойдо болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жалпы Түркия элине […]Читать далее
Садыр Жапаров Амур облусундагы авиациялык кырсыкка байланыштуу Россиянын Президенти Владимир
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Амур облусунда көп сандаган адамдардын өмүрүн алган жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. «Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш […]Читать далее
Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана боордош өзбек элинин өнүгүүсү менен гүлдөп өсүшү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы – Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Чжао Лэцзи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды. Мамлекет башчысы өлкөлөр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапардын маданий программасынын алкагында бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты. “Рух-Ордонун” кире беришинен жогорку даражалуу конокторду маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, кыскача экскурсия өткөрдү. Ал лидерлерди кыргыз элинин салттуу жашоо мүнөзүнүн элементтери чагылдырылган “Кыргыз айылы” этнокомплекси менен тааныштырды. Мындан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 22-июлда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын концерттик программасын көрүштү. “Мейкин Азия” популярдуу музыка аткаруучуларынын эл аралык фестивалы – бул жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат, бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам жогоруда белгиленген Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган. Бул Макулдашууда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жер кодексине кол койду. Аталган Кодекс Жогорку Кеңешитарабынан 2025-жылдын 4-июнунда кабыл алынган. Ушул Кодексте төмөнкүдөй ченемдер каралган: – жер мыйзамдары чөйрөсүндөгү бардык ченемдик укуктук актыларды консолидациялоо; – кенемтелерди, коллизияларды жана коррупциялык ченемдерди жоюу; – айыл чарба жерлеринин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн пайдалануу чөйрөсүн так чектөө; – мамлекеттик ипотекалык […]Читать далее