Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстандын Астана шаарына V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Кезектеги Оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат”, – деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды. Мындан ары медициналык борбор “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат. Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ички иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Уюмдун ички иштер министрлерин кабыл алды. Мамлекет башчысы коноктор менен учурашып жатып, түрк өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи. “Бүгүнкү маанилүү иш-чара “күч […]Читать далее
Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусун калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү кат менен кайрылганы маалым болду. Ал арада коомчулук бул маселени катуу талкууга алып, ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо узатып, пикирин укту. — Саламатсызбы, мурдагы президент Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен Жогорку […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 5-сентябрда кеңешме өттү. Кеңешмеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, президенттин кеңешчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалык башчылары жана тармактык бөлүм башчылары, Башкы прокурор, ИИМ орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин […]Читать далее
“Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол коюлду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык маданият жана искусство чөйрөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наамын Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак наамын Юнус Раджаби […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын президенти, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды.Читать далее
Президент өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда, “Ынтымак ордодо” өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине жакшынакай белек тартуулаганын айтты. Садыр Жапаров дегеле быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл […]Читать далее