Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Бул ыйык майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка биримдик жана бейпилдик алып келсин. Биздин тилектештигибиз бекемделе берсин. Өз элимдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми дос жана боордош кыргыз элине […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Адамзаттын руханий тазалык жана бийик адеп-ахлак сыяктуу улуу баалуулуктарынын маанилүүлүгүн насыят кылган бул жаркын майрам биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө, жалпы мусулман үммөтүнүн ортосунда достукту, өз ара колдоону жана тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Бул даңазалуу майрамдын каада-салттары, үрп-адаттары жана бийик руханий идеалдары тарых бою элибизди аруулукка жана такыбалыкка, боорукердикке жана өз ара колдоого, асылдыкка жана ак ниеттүүлүккө үйрөтүп келет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана көп кырдуу кызматташтык бул берекелүү […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Биздин бекем саясий эркибиздин жана биргелешкен аракетибиздин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштар барган сайын бекемделип жана тереңдеп баратканы абдан кубандырат. Ушул күндөрү Худжанд шаарында боло турган чын ыкластуу диалог жана бардык келишимдер Өзбекстан менен […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Адамзатты руханий жактан тазаланууга жана ар тараптуу өркүндөөгө жетелеген бул ыйык майрамда элибиздин биримдиги бекемделип, бакубатчылыгыбыз өсө берсин. Бардык мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп, кайгыруу менен узатып жаткан ушул ыйык күндөрдө Сизге чоң бакыт жана жооптуу кызматта ийгиликтерди, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте ыйык Орозо айт майрамына карата айт-намазга катышты. Мамлекет башчысы айт-намазын мечитке келгендер менен бирге окуду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу момун мусулмандар! Сиздерди Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Орозо айында таң аткандан шамга чейин наар албай, напсибиз тизгинделип, жан дүйнөбүз арууланды; барга шүгүр кылып, сабырыбыз чыңалды; көөдөнүбүз бейпилдикке толуп, дилибиз нурланды. Бул күндөрү Жаратканга […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, КР Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 26-беренесине жана Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары КР Конституциясында каралган калган мөөнөткө […]Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстанда ортосунда суу жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге аларды пайдалануу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Катар Мамлекетинин улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды. Бул матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын алкагында өттү. Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.Читать далее