Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, эки өлкөнүн Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Жогорку даражалуу конокту жылуу кабыл алуу менен Садыр Жапаров кыргыз жана казак элдери эзелтеден ынтымакта жана достукта жашап, бири-бирин колдоп келгенин белгиледи. Президент өткөн жылы Астана шаарында өткөн Жогорку Мамлекеттер аралык кеңештин алтынчы жыйынынын […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду «Алтын Кыран» ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү. Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн татыктуу болду. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды. Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин түпкү тамыры терең экенин белгиледи. «Биздин мамилелерибиз Токтогул менен Абайдай, Чыңгыз менен […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. «Ынтымак ордо» имаратынын алдына Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү. Өлкө башчылары бири-бири менен саламдашкандан кийин Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Россияга каршы Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди. Мамлекет башчысы батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата мындай каршы кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалады. — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Бул жолу өлкөбүздүн финансы тутумуна байланышкан […]Читать далее
Садыр Жапаров Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты. Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи. Өз кезегинде […]Читать далее
Президент Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. «Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-августта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров россиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз тарап Россия Федерациясы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, кыргызстандыктарды табиятты таза сактоого чакырды. “Бүгүн дем алыш күнү Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып келдим. Болгону бир километр жээкти видео тасмага тартып алдым. Өзүңүздөр көрүп тургандай бир метр таза жер жок. Жээктин баары таштандыга толуп кеткен. Анысы аз келгенсип автомашиналар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине […]Читать далее