Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган кезектеги маегинде акыркы кезде коомдо талкууланып жаткан актуалдуу маселелерге жооп берди. — Быйыл Кыргызстанда суу тартыштыгы катуу сезилип жатат. Бул көрүнүш дээрлик өлкөнүн бардык аймактарында бар. Бишкекте да, Чүйдүн ар кыл райондорунда да суу тартыш болду. Бул эмнеден улам, кандайдыр бир жалпы себеби барбы? — Биринчиден албетте жалпы дүйнө жүзүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-июлунда (№ 142) “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 18-20-июль күндөрү Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапары аяктады. Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Булуңдагы араб мамлекеттери жана каржы мекемелеринин башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 19-июлда Жидда шаарында Мамлекет башчысы Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды. Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты. Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды. Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды. Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи. Умра – кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жидда шаарында Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер Ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушту. Тараптар регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты. Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд Мамлекет башчысы менен саламдашып, Сауд Арабиясынын мындан ары эки өлкө […]Читать далее
Бүгүн, 19-июлда “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммити болуп өттү. Иш-чара Борбор Азия жана араб мамлекеттеринин лидерлерин жана делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи менен башталды. Саммит Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауддун төрагалыгы астында өттү. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө региондор […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин” биринчи Саммитинде сөз сүйлөп, ар кыл тармактарда региондор аралык кызматташтыкты активдүү алдыга жылдырууну сунуштады. “Улуу Даражалуулар, Улуу Мартабалуулар, Урматтуу мамлекет башчылары, Урматтуу Башкы катчы мырза, Айымдар жана мырзалар, Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатуху! Эң алгач, Эки […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) өтүп жаткан “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин” биринчи Саммитине катышуу үчүн келди. Өлкө лидерлерин имараттын фойесинде Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд тосуп алды. Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары жана делегациялар […]Читать далее