Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Москва шаарына барды. Мамлекет башчынын борту “Внуково-2” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар: – министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев; – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; -президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; – Кыргызстандын Россиядагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: «Кыргыз авиация тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Өлкөнүн өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган авиация тармагы экономикалык, маданий жана социалдык жактан маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстандын тоолуу жана деңизге чыгууга […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Россиядп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында билим берүү системасынын мугалимдерин жана кызматкерлерин Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чара өлкөнүн билим берүү тутумунун жүз жылдык тарыхына арналган пролог менен башталды. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Билим берүү тармагынын урматтуу кызматкерлери! Ардактуу агай-эжейлер, кымбаттуу педагогдор! […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу агай-эжейлер! Билим берүү тармагынын кымбаттуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мугалим – бул устат, дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери алгач мугалимден билим […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында 3-октябрда Римде Президент Садыр Жапаровдун Италиянын Президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактынын (Ватикан) Мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин менен жолугушту. Мамлекет башчысы Ватикандын маданияттар жана диндер аралык диалогду чыңдоо аракетин канааттануу менен белгиледи. Кыргызстандагы ички саясий кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөдө демократиялык институттарды бекемдөөгө жана стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган маанилүү реформалар жүрүп жатканын баса белгиледи. […]Читать далее
Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров Рим Папасы Францисктин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү. Экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Кыргызстандын негизги тармактарына инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы бизнес жана маданият мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун куралы катары маанилүү экенин белгилеп, […]Читать далее