Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ушул Мыйзамдын максаты – жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат. Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү […]Читать далее
Президент Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” көмүр кенинин ишке киришине байланыштуу комментарий берди
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгендигине байланыштуу суроого жооп берди. — Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” шахтасы он эки жылдан кийин ишке кирди деген маалымат чыккандан кийин айрым адамдар жана айрым ЖМКлар “Бул жалган, “Жыргалаң” эмес, башкасы ишке кирди жана башка…” деп, ар кандай кептерди […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров темир жол тармагынын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы – өлкөнүн Темир жолчулар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу темир жол тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Темир жол тармагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана социалдык туруктуулугунун негиздеринин бири болуп саналат. Мамлекеттин негизги […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Н., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К., Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ж.Иманбетов, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Ушул Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат. Кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу суроого жооп берди. — Азаттык медиасы «мамлекет электр энергиясы менен элди камсыздай албай жатып, кайдагы бир жеке майнинг фермаларга электр кубатын текейден арзан берип жатат» деп айтып чыкты. Мунун чын-бышыгын элге ачыктап берип койсоңуз? — Азаттык өлкө ичинен эч качан жакшылык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Стадион 1961-жылы курулуп, 62 жыл ичинде жарым-жартылай гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бир дагы жолу толук оңдолгон эмес. Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган. Президент […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. […]Читать далее