Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарындагы испаниялык «Барселона» футбол клубунун академиясынын курулушуна мезгил кутусун салды. Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, 2 чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт […]Читать далее
Бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды. Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди. Мындан тышкары учурда Түркиядан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Барселона» футбол клубунун легендалары менен өлкөнүн ар кайсы аймактык футбол командаларынын жаш оюнчуларынын ортосундагы футбол боюнча мелдешке барды. Көрсөтмө оюн “Барселона” футбол академиясынын расмий ачылышынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, салтанаттуу жагдайда Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачты. Расмий аземге испаниялык “Барселона” футбол клубунун Президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү да катышты. Мамлекет башчысынын сөзү: “Футбол – бул миллиондогон адамдардын жүрөгүн толкутуп, кайталангыс эмоцияларды тартуулаган кызыктуу оюн. Мына ошондуктан дүйнө жүзүндө номер биринчи спорт болуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Ахунбаев Иса Коноевичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Абды Суеркуловго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Суеркулов Абды Суеркуловичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Президент Жалал-Абадда УКМК кызматкерлерине жаңы курулган турак жай комплексиндеги батирлердин
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак жай комплексинен батирлердин ачкычтарын тапшырды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн чыңдоого, өзгөчө улуттук коопсуздук органдарына жана чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнө чоң […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын ысымы ыйгарылган Жалал-Абад шаарындагы жаңы Ислам маданий борборуна барды. Борбор менен таанышуу учурунда Мамлекет башчысы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунарын эске алуу менен мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болорун белгиледи. Бул ислам […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачты. Мамлекет башчы салтанаттуу маанайда чогулгандардын баарын келе жаткан майрам – өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады. […]Читать далее