Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди. Андан соң ал жаңы станциянын имаратын көрүп чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты. Мындан кийин Садыр Жапаров […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди 69 жашка толушу менен куттуктап, ага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров өзбек элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды белгиледи. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгон юбилейлик жылга туш келгенин белгилеп, уюмдун тең укуктуу диалог жүргүзүү жана чечимдерди биргелешип издөө үчүн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи. “Терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Президент Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы саясий диалогдун жогорку деңгээлин, бекем келишимдик-укуктук базаны жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга эки тараптын тең берилгендигин камтыган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын бюрократиядан арылтуу жана модернизациялоо болуп эсептелет. Мыйзам төмөнкүлөрдү карайт: – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү жана жарандык-укуктук […]Читать далее
“Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Президент Садыр Жапаров кол койгон бул документ гендердик теңчиликти чыңдоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана эмгек чөйрөсүндөгү коопсуздукту күчөтүүгө багытталган олуттуу нормаларды камтыйт. Тиешелүү мыйзам долбоору 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, “гендердик зомбулук”, “сексуалдык асылуу”, “эмгек […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Конституциялык мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул конституциялык мыйзамдын максаты Эсептөө палатасынын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат. Өзгөчө белгилей кетсек, конституциялык мыйзам менен “КР […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады. Анда мамлекет башчысы ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга (ИДП) карата өлчөнөрүн эске салып, акыркы жылдардагы олуттуу өзгөрүүлөрдү белгиледи. “Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, […]Читать далее