“Азыркы геоэкономикалык дүйнөлүк тартип бизден өз ара жана тышкы сооданын көлөмүн сактоо жана көбөйтүү боюнча натыйжалуу чечимдерди ишке ашырууну талап кылат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогоорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Мамлекет башчылары, Урматтуу жыйындын катышуучулары, Баарыңыздарга саламымды айтам, Москвада […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери. ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү. Андан соң, жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат. […]Читать далее
Бүгүн, 24-майда, Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын […]Читать далее
“Евразиялык экономикалык биримдик экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлуна айланып баратат жана ал тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыра алат”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москвада II Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында модератордун Евразия институттарын өнүктүрүү жана бизнестин демилгелерин кошумча колдоо тууралуу суроосуна […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана ЖЕЭКтин
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Мамлекет башчысынын учагы Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин желектери илинип турат. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына учуп кетти. Сапардын алкагында бүгүн Мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле эртең, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-25-майында Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Президент Садыр Жапаров 24-майда, Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Кыргызстанга сапар менен келген Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын (КК жана ККЭФ) Башкы катчысы Джаган Чапагейнди кабыл алды. Кыргызстан менен ККЭФтин өлкөдөгү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам жана социалдык колдоо боюнча жасалган долбоордук ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнүн менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Ардактуу асылзат апалар, мээримдүү энелер! Кымбаттуу мекендештер! Кылымдарды карыткан кыргыз эли эзелтен эле энелерди аздектеп сыйлап, ыйык тутуп келген. Азыр да аң-сезимибизде Умай эне, Жер эне, Эне тил жана башка энеге байланышкан эң бийик түшүнүктөр жашайт. Бүгүнкү күндө улутту улут […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Мамлекеттик сапарын баштап жатып, 18-майда Садыр Жапаров Сиань шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана ар кыл чөйрөдөгү долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулашты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүшүндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” […]Читать далее