Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, “Кумтөр” ири алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара “Кумтөр” кени чыккан жердин калыптануу жана өнүгүү тарыхын камтыган тасманы көрсөтүү менен башталды. Сөз сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жана “Кумтөр Голд Компаниясы” ЖАК жамаатын “Кумтөр” алтын кенинин ишке киргенинин 30 жылдыгы менен куттуктады. […]Читать далее
Президент: “Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн
““Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, “Кумтөр”алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөр айтылды: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу жалпы кыргызстандыктар! Бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу катышуучулары! Кыргызстаныбыздын ырысына жаралган “Кумтөр” кени иштей баштагандан бери […]Читать далее
Президент өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Боорукерлик, күйүмдүүлүк, сабырдуулук менен миңдеген муктаж жарандарыбызга кол сунуп, жашоосуна үмүт, өмүрүнө нур берген түйшүктүү эмгегиңиздер теңдешсиз. Мамлекеттин социалдык саясатындагы бардык катмардагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды. МИ-8МТВ тик учагы – жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы варианттарында чыгарылган көп максаттуу тик учактардан. Тик учактын негизги максаты – жүк бөлүгүндө 4 тоннага чейинки […]Читать далее
Бишкекте ушул жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) жок кылынды. Бул окуя коомчулукта азыркыга чейин кызуу талкууланып, ар кандай сөздөр, пикирлер айтылууда. Ал ортодо уюшкан кылмыштуу топ, алардын лидерлери деген түшүнүк Кыргызстанда таптакыр жок болушу керек дегендер да бар. “Кабар” агенттиги буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун пикирин билди. — Уюшкан кылмыштуу […]Читать далее
Президент: Кыргызстан өзүнүн төрагалыгынын алкагында Уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга салым
“Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасы Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Шериктештиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгон”, – деп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан КМШ МБК жыйынынын кеңейтилген форматында сүйлөп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кант шаарындагы Россиянын кошмо аскердик авиациялык базасынын өздүк курамын авиабазанын 20 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчысы чогулгандарды кыргыз-россиялык мамилелердеги орчундуу окуялардан болуп саналган Кант шаарындагы Авиация базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара менен куттуктады. […]Читать далее
Россия тараптын Президент Жапаровду сыйлоо чечими Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынды. Атап айтканда, акыркы эки жарым жылда Кыргызстанда бажылык башкарууну жакшыртуу, бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу боюнча бир катар маанилүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек. […]Читать далее
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду. Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жогорку сыйлыкка татыды. Россиянын Президенти Владимир Путин […]Читать далее
Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. Садыр Жапаров Владимир Путин баштаган россиялык делегация менен Бишкекте жүз көрүшүп, саламдашууда, “Кант” авиабазасынын 20 жылдыгына жана Кыргыз-Россия Славян университетинин 30 жылдыгына туш келген бул сапардын символикалык мааниси чоң экенине токтолду. Президент Садыр […]Читать далее