Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.Читать далее
Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, буга бир катар мисалдарды келтирди. Ошондой эле шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айткан төрага, бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менен жоготуп алабыз деп чочулады. Чын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Эвересттин чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнү даңазалаган атамекендик спортчулардын ийгилигин жогору баалаарын белгиледи. Садыр Жапаров Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантат жана жогорку натыйжаларга […]Читать далее
Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Сизди ыйык Орозо Айт майрамы менен жакшы каалоо-тилектер менен чын дилимден куттуктайм! Кайрымдуулуктун, гуманизмдин, достуктун жана кубанычтын ыйык майрамы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы биримдикти бекемдөөгө, дүйнө жүзүндөгү бейпил жашоого жана туруктуулукка өбөлгө болушун каалайм. Бардык мусулман үммөттөрү чоң […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте ыйык Орозо айт майрамына карата айт-намазга катышты. Мамлекет башчысы айт-намазын мечитке келгендер менен бирге окуду.Читать далее
Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Жалпы ислам Үммөтү үчүн ыйык Орозо Айт майрамынын алдында Палестина мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атынан Улуу урматтуу Сизге жылуу куттуктоолорду жана эң жакшы каалоолорду айтуу бизге чоң кубаныч тартуулайт. Алла Таала орозолоруңарды жана дубаларыңарды кабыл […]Читать далее
Омандын Султаны Хайсам бин Тарик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Улуу урматтуу Сизге Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жолдоо – биз үчүн чоң кубаныч. Ушундай жакшы нерселерге байланыштуу Алла Тааладан мусулман коомчулугуна ырайымы менен берекесин беришин тилейбиз”, – деп айтылат куттуктоодо. Хайсам бин Тарик […]Читать далее
Иорданиянын Королу Абдалла II ибн аль-Хусейн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Ыйык Орозо айт майрамына карата Иорданиянын Хашимит Королдугунун эли жана Өкмөтү мени менен кошо сиздерге биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойт”, – деп айтылат Иордания Королунун телеграммасында. Абдалла II ибн аль-Хусейн Садыр Жапаровго жакшы каалоо-тилектерин билдирип, […]Читать далее
Бахрейндин Королу Хамад бин Иса аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Ыйык Орозо айт майрамына карата биз ушул куттуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду, ошондой эле чың ден соолук жана бакыт-таалай каалоолорубузду жолдоого кубанычтабыз. Жараткан Алладан бул куттуу майрамды Сизге жана элиңизге […]Читать далее
Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахаян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Орозо айт майрамына карата Сизге чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди жана жылуу куттуктоолорумду билдирем. Алла Тааладан Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми ислам үммөтүнүн элдерине жакшылык, тынчтык жана береке тилейм. Сизге болгон […]Читать далее