Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу маданият жана искусство кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Маданият кызматкерлеринин күнүндө улутубуздун уникалдуу баалуулуктары менен нарк-насилин даңазалаган маданий мурастарыбыз, чыгармачыл дараметибиз белгиленет. Маданият жана искусство – каада-салтты, аны менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Саммиттин темасы “TURKTIME” (Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms-реформалар, Knowledge-билим, Trust-ишеним, Investments-инвестициялар жана Mutual Energy-өз ара энергия) болот. Өлкө […]Читать далее
Президент өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Милиция кызматкерлеринин күнү менен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Дээрлик бир кылымдык тарыхы бар кыргыз милициясы эгемендикке ээ болгондон бери эле канчалаган […]Читать далее
Президенттин жетекчилиги астында жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуулар
Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, “Эдельвейс” аскер полигонунда өткөн көрсөтмөлүү тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Машыгуунун алдында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусунда турган жаңы аскердик техниканын, учкучсуз учуучу аппараттардын, инженердик, радиоэлектрондук күрөштүн каражаттарынын жана атылуучу куралдардын үлгүлөрү, анын ичинде атамекендик өндүрүштөн чыккан бронемашиналар жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү! Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекетибиздин Баш мыйзамында жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкарууну түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашыра тургандыгы аныкталган. Мына ошондуктан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, жаңы “Акынжы” жана “Аксүнгүр” учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөн учкучсуз учуучу аппараттардын базасы менен таанышты. Мамлекет башчысы базанын инфраструктурасы жана учкучсуз учуучу аппараттардын мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча күжүрмөн күзөтүн уюштуруу менен таанышты. Садыр Жапаров өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен “Акынжы” […]Читать далее
Садыр Жапаров Казакстандын Президентине Караганда областындагы шахтадагы трагедияга байланыштуу көңүл
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда областындагы көмүр кениндеги трагедиядан улам жумушчулары курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. “Бүткүл кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуунун азабы менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты. «Мусталый уулу Нургожо Ажы» атындагы 1500 орундуу жаңы мечит эскисинин ордуна «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө анын айланасын көрктөндүрүү иштери аяктады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын калкынын басымдуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра жергесинде жайгашкан жаңы “Чаар-Кудук” көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты. Өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган. Жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан […]Читать далее