Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Дипломатиялык кызматтын кымбаттуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Ардактуу меймандар жана дипломаттык корпустун өкүлдөрү! Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын белгилөө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи. Ал экономика секторунун артыкчылык берилген башкы багыттарынын бири болуп саналат. Мына ушундай маанилүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бул күн боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жардамга муктаждарга арнаган адамдардын майрамы. Күн сайын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан салына турган “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна “мезгил кутусун” салды. Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаттарында коммерциялык жайлар жайгашат. Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилегендей, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты. Суу ресурстары кызматынын керектөөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен алынган 112 атайын техника: дөңгөлөк менен жүрүүчү узун бум экскаватор – 28 бирдик, жүк көтөрүүчү манипулятор 8 тонна – 6 бирдик, алдыңкы жүктөгүч 3 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду. Ал ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн […]Читать далее
Президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Үгүт кампаниясы эртең башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарга маалым, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жалпы жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо болот. Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо […]Читать далее
Айрым ЖМКларда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун россиялык журналистке берген маеги жарыяланды. Анда батыш өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы мамиле, анын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу сөз болгон. “Кабар” агенттиги буга байланыштуу өлкө башчысына суроолорун узатып, жооп алды. — Саламатсызбы. Жакында эле “Россия-1” телеканалынын журналисти Павел Зарубин сиздин маекти жарыялап, аны бир катар ЖМКлар басып чыгарышты. Кеп, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” жарлыкка кол койду. Кыргызстанда ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу […]Читать далее