Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына келди. Бул тууралуу агенттикке президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын маалыматына караганда, өлкө башчысы жеринде контролдук кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотуу жана салык саясатындагы реформаларга нааразычылыктарын билдирип чыккан соодагерлер менен жолугушууда.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды. Мамлекет башчысы Элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, бай дипломатиялык тажрыйбанын жана жеке аракеттердин аркасында кыргыз-катар мамилелери өз ара […]Читать далее
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын маалыматына караганда, Эрсин Татар Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган коференцияга катышуу үчүн өлкөгө жеке визит менен келген. “Тараптар бейформал жагдайда сүйлөшүп, тамактанышты”, – деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ААКсына барып, ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал жакка барганында Мамлекет башчысына чыгарылып жаткан продукциялар, тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди. Садыр Жапаров басмакананын жетекчилиги даярдалып […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Бүгүн – элибиздин ондогон кылымдардан бери муундан муунга көчүп, атадан балага айтылып, көкүрөгүндө жат сактап келген улуу “Манас” эпосунун күнү! “Манас” эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты. 1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Дубай шаарында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Abu Dhabi Future energy company PJSC- Masdar» жана «Électricité de France» компанияларынын ортосунда үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземи Мамлекет башчынын катышуусунда өтүп, андан соң эки компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештер! 3-декабрь – жашоо-турмушунда ар кандай себептерден улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга арналган атайын күн. Өлкөбүздө майыптыгы бар адамдардын укуктары чектелбейт, аларга урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасалат. Себеби, элибиз каш-кабактын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Дубай шаарында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр башталаардын алдында Мамлекет башчысынын катышуусунда “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” кыргыз-эмират биргелешкен холдингдик компаниясынын уставдык жана уюштуруу документтерине кол коюу аземи болуп өттү. “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААКсын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Аалагозов билдирди. Анын айтымына караганда, комиссиянын жыйынтыгы менен министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. “Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир […]Читать далее