Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды. Мамлекет башчысы Ерлан Кошанов менен кыргыз жергесинде салам алышып жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер тереңдеп, практикалык мааниге ээ болуп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Садыр Жапаров […]Читать далее
Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында Кыргызстандын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чара 1924-2024-жылдар аралыгында ата мекендик милициянын калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма жана театралдаштырылган ретро-оюн көрсөтүү менен башталды. Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарында Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу генералдар, офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана милициянын кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер жана бүгүнкү салтанаттын ардактуу меймандары! Биз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда издөө иштери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! 85 жылдык тарыхы бар автомобиль транспорту жана жол тармагы өлкөнү өнүктүрүүдө эң маанилүү тармактардын бири. Жолдордун […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Медина шаарындагы (Сауд Арабиясы) Пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту. Диний билим берүү жана руханий байланыштарды чыңдоо жаатында кызматташуунун келечеги менен кошо маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Сауд Арабиясынын кыргыз жарандарына, анын ичинде зыяратчыларга жана эмгек мигранттарына жасаган меймандос мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Ал […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функционалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 23-24-октябрда Татарстан Республикасынын Казань шаарына болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы XVI БРИКС саммитине катышты. Кеңейтилген форматтагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге өз салымын кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы биринчи пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан БРИКСтин ишкердикти, санариптик жана экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү, климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча максаттарына кошулуп, бөлүшөрүн айтты. Ал белгилегендей, аталган принциптер Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына интеграцияланган туруктуу өнүктүрүүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди. Иш-чарага келген мамлекет башчыларын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин, өлкөлөрдүн лидерлери XVI БРИКС+ саммитинин биринчи пленардык отурумуна кеңейтилген форматта катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.Читать далее