“Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6800 сомдон кем эмес өлчөмдө болот”, – деп Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет башчыбыз жарандарыбыз жашы улгайып, кутман куракка келген кезде жакырчылыкка туш болуп, ар бир тыйынды санап, баарын үнөмдөөгө аргасыз болгону кыжырданткан абалга […]Читать далее
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата 100 жаңы ишканалар, өнөр жай объектилери ачылат. Буга жаңы аэропорттун, “Бала-Саруу” ГЭСинин ачылышы мисал. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, белгиледи. “Жылдын экинчи жарымында мындай ишканалардын бир нечесин апта сайын ача баштайбыз. Быйыл Өкмөт менен жергиликтүү бийликтин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты. Мамлекет башчысы Ирандын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту. Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөдү. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп жаткан иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген “Социалдык контракт” программасына киргендер катышууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Республикалык кеңешменин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, иш-чарага “Социалдык контракт” программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат. “Социалдык контракт” программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусунда облусту өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов 2023-жылы аткарылган иш-чаралар жана 2024-жылга пландар тууралуу маалымат берди. Ыйгарым укуктуу өкүл жолдорду, мектептерди, кичи ГЭСтерди, жаңы калкты тейлөө борборун, көп кабаттуу турак-жайларды жана стадионду куруу долбоорлору менен тааныштырды. Президент […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди. “Бала-Саруу” кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул деген Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкармалыгына барып, Президенттик фонддун эсебинен курулган жаңы машыгуу залынын шарттары менен таанышты. Мамлекет башчысына УКМК башкармалыгынын кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн машыгуу залында бардык керектүү шарттар каралгандыгы маалымдалды. Футбол аянтчасы, машыгуу залы, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (КРдин ИИМ) Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы чогулгандарды бул аймактагы маанилүү жакшы саамалык менен куттуктап жатып, мамлекет кайсы гана тармак болбосун, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн эң алгач иштөө шарты талапка ылайык болушу керек деген принципти тутунуп, иш алып […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарындагы аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты. Мамлекет башчысы шаардын тургундары жана меймандарынын алдында сөз сүйлөп, “Талас” аэропортунун ачылышы Кыргызстандын тарыхында жаңы баракты ачып жатканын белгиледи. Өлкөнүн региондорундагы аэропорттордун иши узак жылдар бою үзгүлтүккө учураган бойдон турган, өкмөт “Манас” эл аралык аэропорту менен […]Читать далее