Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 6-июнда, ишкерлер менен контролдук-кассалык машиналарды, электрондук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы үч жылдан бери мамлекет бюджеттин эсебинен каржыланган социалдык программаларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Ал эми мамлекеттик бюджет негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге өлкөдө өткөн жалпы парламенттик шайлоодо анын альянсынын жеңиши менен куттуктоо жолдоду. «Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы парламенттик шайлоодогу Улуттук демократиялык альянстын жеңиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул жетишкендик Сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, Индия элинин Сизге болгон ишениминин жана Сиздин жетекчилигиңиз менен Индиянын дүйнөдөгү ээлеген […]Читать далее
Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгеледи. Аталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, Япониянын Мамлекеттик катчысы, тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзини кабыл алды. Жолугушууда саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Японияга болгон сапарын жылуу сезим менен эстеп жатканын белгилеп, Император Нарухито жана Премьер-министр Фумио Кишида менен болгон […]Читать далее
Кыргызстанда жакында айрым ЖМКлар тарабынан курулуш иштерине байланыштуу иликтөө жарыяланды. Анда бийлик жетекчилигинин жакындары өлкөдөгү курулуш иштерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу дооматтар айтылды. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, өлкөдө жүрүп жаткан курулуштар тууралуу кеңири айтып берди. Президент бүткүл өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуштар баштала тургандыгына токтолуп, курулушка катышам деген каалоочу ар бир […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Урматтуу бөбөктөр, кымбатуу жеткинчектер! Ардактуу ата-энелер! Бүгүн “Балалуу үй – бакыт” деп, ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып, кубанычы арта турган күн. Мындан улам, баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Биз ар дайым “Балдар – […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында түзүлгөн Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргызстан жана Япониянын дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталарын ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 15-майында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында түзүлгөн Кыргызстандын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Президент өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын айтты. “Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиясынын, Бирликтин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн Келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти толугу менен келтирилген: “Бүгүн, 2024-жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толду. Бул 10 жылдын ичинде Евразия […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Куралдуу Күчтөрдүн ардактуу ардагерлери! Мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиги катары Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөн күнү – өлкөбүздөгү ар бир аскер кызматчысы үчүн өзгөчө майрам! Ошондуктан сиздерди […]Читать далее