Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 1) Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгы; 2) Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын […]Читать далее
Токобаев Нурлан Качкынбаевич Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2010-жылдагы Июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуусу Кымбаттуу мекендештер! Этностор аралык кагылышуулар бүгүнкү күндө да көптөгөн өлкөлөр үчүн башкы көйгөй жана оор сыноолордун бири болуп калды. Мындай каргашалуу окуялардын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы – Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери! Бул тармактын ардактуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Өлкөбүздө жалпы өндүрүштүн олуттуу бөлүгү болуп саналган жеңил өнөр жай […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Мухаммед Аль-Жассерге салам жолдоп, Ислам өнүктүрүү банкынын 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. Садыр Жапаров Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы […]Читать далее
Бишкекте Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара өлкөнүн Финансы министрлигинин тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды. Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, финансы жана экономика тармагындагы адистерди, ошондой эле республиканын каржылык туруктуулугун бекемдөөгө салмактуу салым кошкон ардагерлерди куттуктады. Ал белгилегендей, жалпысынан финансы системасы өлкөнүн […]Читать далее
Президент: Финансы министрлигинин максаттуу иш-аракеттери менен стратегиялык чечимдери мамлекеттин экономикалык
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкөнүн Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Мамлекет башчысынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат: «Финансы-экономикалык чөйрөнүн урматтуу кызматкерлери! Өлкөбүздүн финансы тутумун өнүктүрүүгө салым кошкон кадырлуу ардагерлер! Ардактуу мекендештер! Быйыл эгемен Кыргызстаныбыздын тарыхында олуттуу орду бар, тарыхый салмагы чоң мааракелер […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттеш болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды. Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, […]Читать далее
Президент финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу финансы жана экономика системасынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бүгүнкү күндө Кыргызстан чечкиндүү реформалар аркылуу олуттуу ийгиликтерге жетишип, өлкөдө социалдык, экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр болуп жатат. Макроэкономикалык чөйрөдө дагы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын курама командаларынын футболдук беттешине барды. Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 2-раундунун бешинчи турунун алкагында өттү.Читать далее