Социалдык фонд 2026-жылды 13,5 млрд сом профицит менен аяктоону пландоодо. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй, 2040-жылга чейин пенсиялык системада эч кандай көйгөйлөр күтүлбөйт. “Биз 2040-жылга чейинки мезгилди эсептеп чыктык жана ага чейин эч кандай көйгөйлөр болбойт. Азыр бизде талдоо бар. Быйыл, 2026-жылы, биз […]Читать далее
Акыркы үч жылда Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде олуттуу өзгөрүүлөр болду, анын ичинде жаңы жана оңдолгон жайлар ишке киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтымында, акыркы үч жылда Жалал-Абадда олуттуу өзгөрүүлөр болду, жаңы абак курулду. Мындан тышкары, Караколдогу тергөө изоляторунда оңдоо иштери аяктап, азыр […]Читать далее
2026-жылдын 15-сентябрынан тартып Кыргызстандын жарандары Таиландга туристтик максатта 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз кире алат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, визасыз кирүү Кыргыз Республикасынын жарактуу жалпы жарандык паспортуна ылайык жүзөгө ашырылат. Таиландга аба же кургактык транспорту аркылуу кирген Кыргыз Республикасынын жарандары визасыз режимди календардык жыл ичинде эки жолудан ашык эмес пайдалана […]Читать далее
Учурда Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли 3%га жакындады. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында белгиленгендей, беш жыл мурун жумушсуздуктун деңгээли 5,5% болгон, төмөндөө жаңы жумуш орундарынын жана ишканалардын ачылышы менен байланыштырылууда. Ошондой эле жыйында орточо эмгек акы да талкууланды. Чоро Сейитовдун айтымында, ал учурда болжол […]Читать далее
Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ААКнын башкы директорунун орун басары Болот Мухаммед уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча жеке тараптар тарабынан 156 отун кампасы ачылып, аларга көмүр жеткирилүүдө. Анын ичинен 25 отун базасы Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан. “Кыргызкөмүр” ААКсы керектөөчүлөргө көмүр […]Читать далее
10-сентябрга карата “Бала ырысы” жөлөк пулу 232 миң 229 балага берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан алардын банктык эсептерине 285 млн 588 миң 480 сом которулган. Бүгүнкү күндө айрым учурларда каражаттар алуучунун эсебинде чагылдырылбай калышы мүмкүн болгон себептерди аныктоо боюнча жекече тактоо иштери жүргүзүлүүдө. АБанк — 334 эсеп; […]Читать далее
Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкөбүздүн чегинен тышкары басып чыгарылып келген. Бүгүн мына ушул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам ташталды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Улуттук банк акыркы мезгилдерде улуттук валютаны […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнү эмки жылы теңиртоолуктардын жеринде, башкача айтканда Нарын облусунда салтанаттуу түрдө белгиленет. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Талас шаарында өтүп жаткан Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанатта билдирди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, өлкө жетекчилигинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Талас шаарынын тургундары жана коноктору катышууда. […]Читать далее
1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, көбөйтүүнүн минималдуу өлчөмү 1 миң сомдон кем эмес, ал эми максималдуу өлчөмү 10 миң сомдон ашпайт. “Пенсияларды кайра эсептөө президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө. Октябрь айынан баштап […]Читать далее
Бишкекте абанын күндүзгү температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө дагы деле күчүндө. Муниципалиттен билдиришкендей, чектөө 1-октябрга чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин колдонулат. Бишкек мэриясы айдоочуларды жана транспорттук компанияларды белгиленген талаптарды сактоого жана оор жүк ташуучу унаалардын маршруттарын чектөө колдонулбаган убакытка […]Читать далее