Бишкекте 25 базада көмүр сатылууда
Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ААКнын башкы директорунун орун басары Болот Мухаммед уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча жеке тараптар тарабынан 156 отун кампасы ачылып, аларга көмүр жеткирилүүдө. Анын ичинен 25 отун базасы Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан.
“Кыргызкөмүр” ААКсы керектөөчүлөргө көмүр жеткирүүнү август айынан тартып баштаган. Мындан тышкары, Бишкек жылуулук электр борборун күз-кыш мезгилине даярдоо иштери июль айынан бери жүргүзүлүүдө. Бишкек ЖЭБине 20 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди. Бүгүнкү күндө 13 миң тоннанын тегерегинде көмүр базаларда сакталууда. Керектөөчүлөр үчүн көмүр сатылган жайлардын даректери 2GIS программасына киргизилген. Ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда даректери жана баалары көрсөтүлүүдө”, – деди Болот Мухаммед уулу.
Белгиленгендей, “Кыргызкөмүр” ААКсы көбүнчө түндүк аймакка Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарына “Кара-Кече” кенинен көмүр жүктөйт.
“Кара-Кече” көмүр кенинде көмүрдүн бир тоннасынын баасы 3 миң 21 сом деп бекитилген. Жылына күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында Монополияга каршы кызматы атайын бааларды бекитип берет. Аймактардагы акыркы көмүрдүн баасына ташып жеткирүү чыгымдары жана аралыктын узактыгы эске алынат. Мисалы, бааларга көмүрдү ташып келүү логистикасы, Кара-Кеченин жериндеги баасы ошонун бары топтолуп келип, жыйынтыгында ар бир аймакка жол чыгымына, чакырымына жараша баа аныкталат”,- дейт ал.