Бишкектеги Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында башталган. Заманбап үлгүдөгү мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имаратта окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы […]Читать далее
Бишкекте 18 жаштан жогорку курактагы жарандар суроо-талапка ээ санариптик кесиптерди акысыз өздөштүрө ала турган инновациялык IT-мектеп — “Мектеп 21” ачылууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, долбоор Россиянын Сбербанкы тарабынан иштелип чыккан “Школа 21” билим берүү платформасынын франшизасынын негизинде президенттик IT-мектептин базасында ишке ашырылат. “Окутуу толугу менен акысыз болот, бардык чыгымдарды мамлекет […]Читать далее
Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана түздөн-түз жөнгө салбайт. Ведомствонун маалыматына караганда, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын наркын билим берүү уюму өз алдынча белгилейт. “Окуу акысынын өлчөмү, төлөө тартиби жана шарттары мектеп менен ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат”, – […]Читать далее
Азыркы күнгө чейин балдарды мектептерге кабыл алуу жүрүп жатканын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, дайыма болуп турган ички жана тышкы миграцияга, ошондой эле жашоосу оор кырдаалга туш болгон балдарга байланыштуу аларды мектепке кабыл алуу улантылууда. “Негизи бардык балдар милдеттүү түрдө мектепке кабыл алынышы […]Читать далее
Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 2374 мектеп иштейт. Анын 2132си – мамлекеттик, 242си – жеке менчик. Жалпысынан аларда 1,5 млн окуучу окуйт.Читать далее
Баатыр энелердин балдарына жогорку окуу жайларда гранттык орундарды берүү кийинки окуу жылынан тарта башталат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул үчүн КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралууда. Учурда тиешелүү […]Читать далее
Быйыл Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 38 миң 915 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 8 миң 222 абитуриент гранттык, 31 миң 30 абитуриент келишимдик негизде билим алмакчы. […]Читать далее
Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.Читать далее
Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү мектептер 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Бүгүнкү күнгө карата 1-класска 146 миң 852 окуучу кабыл алынды. Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет. 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн […]Читать далее
Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы башталды. Мындай чечим Агартуу министрлиги тарабынан кабыл алынган. Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү Кыргызстанда өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилген. Балдарды […]Читать далее