Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан “Avignon Off 2026” эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын “Бугу Эне” спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Спектакль Авиньондогу “Arrache Coeur” театрынын сахнасында көрсөтүлүп, кыргыз маданиятын жана театр өнөрүн эл аралык көрүүчүлөргө таанытты. Спектакль көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болуп, […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында журналисттерге өлкөнүн музыкалык мектептеринин материалдык базасынын чыңдалып жатышы тууралуу айтып берди. Министрдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстан боюнча 101 музыкалык мектеп иш алып барат. Мындан тышкары, маданият тармагындагы адистерди даярдаган окуу жайлар жана жогорку окуу жайлар бар. “Бул багытта жаш таланттарды […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин бир иш күнү чагылдырылган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында театр оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Министрдин айтымында, акыркы жылдары театрларга болгон кызыгуу өсүп, көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. “2024-жылы театр оюн-зоок мекемелеринде сатылган билеттерден жана ижарадан түшкөн киреше 7,7 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 107 […]Читать далее
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде тарыхый-маданий мурас объекттеринде металл издегичтерди жана башка атайын техникалык каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоору талкууланды. Министрликтен билдиришкендей, документтин жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча өткөн жыйынга мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Талкууда металл издегичтердин мыйзамсыз колдонулушу археологиялык эстеликтердин бузулушуна жана баалуу тарыхый маалыматтардын кайтарылгыс […]Читать далее
Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында курулуш жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп […]Читать далее
Будапешт шаарында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин каарманына арналган эстелик тургузулду. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эстелик жазуучунун адабий мурасын жайылтуу жана эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоо максатында орнотулду. “Бул долбоор Будапешттин “Дуна-Фок” паркында, Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин демилгеси жана жергиликтүү муниципалитеттин колдоосу менен ишке ашты”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде Дүйнөлүк банктар тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Маданият министрлигинен билдиришкендей, делегацияны музейдин башкы директору Медербек Апарханов тосуп алып, тараптар музей-комплекстин учурдагы абалы, реконструкциялоо иштеринин келечектүү багыттары жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл тарыхый-маданий мурастарды сактоо, музейдик объектилерди заманбап талаптарга ылайык жакшыртуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана зыяратчылар үчүн ыңгайлуу […]Читать далее
Кыргыз делегациясы Францияда өткөн 79-Канн эл аралык кинофестивалынын алкагындагы Marché du Film кинорыногуна катышып, “Kyrgyzcinema” улуттук стендин сунуштады. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, быйыл кыргыз стенди дүйнөдөгү эң ири кинорынокто бешинчи жолу көрсөтүлдү. Улуттук аянтчада кыргыз киноиндустриясынын заманбап долбоорлору, тасмалары жана эл аралык кинофорумдары тааныштырылды. Кинорыноктун алкагында эл аралык кызматташтык, копродукция жана Борбор […]Читать далее
2025-жылы өлкө аймагындагы музейлерге 931 миң адам келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, келгендердин эң көп үлүшү Ош шаарына (40 пайыздан ашык), Бишкек шаарына (20 пайыздан ашык), Чүй облусунун (11 пайыздан ашык) жана Ош облусунун (8 пайызга жакыны) музейлерине туура келди. Бул жылы республиканын аймагында 67 музей иш алып барып, зыяратчыларга 212 […]Читать далее
18-майда Улуттук тарых музейинде салтка айланган “Музейдеги түн” акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулуп, саат 15:00дөн 21:00гө чейин уланат. Бул жылы акция Эл аралык музейлер кеңеши тарабынан жарыяланган “Музейлер – бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик” деген теманын алкагында өткөрүлөт. Борбор Азиядагы эң […]Читать далее