2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда. Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын […]Читать далее
Социалдык тармакта тарап жаткан Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдарга кан жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, облустук клиникалык балдар ооруканасында кан жана кандын компоненттери жетиштүү. Ошондой эле Бишкектен кошумча дагы кан жана дары-дармектер жөнөтүлдү.Читать далее
Сузак РИИБине 2024-жылдын 2-май күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт а/ө Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын арасында Манас айтуу аземи болуп жаткан учурда, Жерге-Тал айылынын Жунусова көчөсүнүн тургуну 1976-ж.т Б.Ж өзүнүн башкаруусундагы “Хундай-Портер” автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан автоунаасы жылып кетип “Манас” айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткендиги кабарлаган. Аталган […]Читать далее
Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы төмөнкүдөй расмий маалыматты билдирди: Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине милициянын старшинасы Т.Айдарбеков кабар берип, анда 2024-жылдын 02-май күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт а/ө Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын арасында Манас айтуу аземи болуп жаткан учурда, Жерге-Тал айылынын Жунусова көчөсүнүн тургуну 1976-ж.т Б.Ж өзүнүн башкаруусундагы […]Читать далее
Сузактагы кврсык боюнча ыкчам штаб иш алып барууда. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Сузак районундагы окуучулар менен катталган кырсыктан улам, жабыркаган балдардын абалын көзөмөлгө алуу максатында түзүлгөн ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Анда саламаттыкты сактоо кызматкерлерине ооруканадагы балдардын […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында 2024-жылдын 2-майында болгон кырсык боюнча төмөнкүдөй маалымат билдирет. Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында 2024-жылдын 2-майында саат 11:30-дар чамасында Манастын 1000 жылдыгына караштуу Манас айтуу боюнча райондук деңгээлде окуучулар арасында флешмоб уюштурулуп жатканда Портер үлгүсүндөгү унаа […]Читать далее
19:30да тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Ноокен району Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колотордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, 3 үйдүн ичине кирип, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Аталган кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө […]Читать далее
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымдарында 1 жеңил унааны сел суусу агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 бала болгон ( аты-жөндөрү такталууда) 2 аял кишини жана жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен. […]Читать далее
Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасы кулаган. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны жабыркаган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жабыркаган аял тик учак менен ооруканага жеткирилген. Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, медициналык текшерүүнүн натыйжасында далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган. “Аны ооруканада реабилитациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди”, — […]Читать далее
Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды. “Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча, актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган”, – […]Читать далее