Мальтанын Сент-Жорж булуңунда 48 жаштагы кыргызстандык аял деңизде эс алып жаткан учурда, толкун уруп кетип каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү Times Of Malta басылмасында жарыяланган. Маалыматта белгиленгендей, маркумдун жанында 23 жаштагы кызы ооруканага жаткырылган. Полиция кырсык тууралуу маалыматты 12:40 чамасында алганын кабарлаган. Алгачкы иликтөөдө, бир нече адам эки айымды деңизден чыгарууга жардам бергени белгиленген. Андан […]Читать далее
Өрт өчүрүү бөлүмү 9 мүнөттүн ичинде жерине жетишкен. Мекеменин өзгөчө статусун эске алуу менен, өрттү өчүрүүгө төрт даана өрт өчүрүүчү техника, ошондой эле тез жардам жана медициналык жардам бригадалары тартылган. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына барып, карылар үйүндө чыккан өрттүн кесепетинен жабыркап түшкөн бейтаптардын абалы менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, жалпысынан Тез жардам клиникалык ооруканасына 14 бейтап жеткирилген: алардын 13ү көмүр кычкыл газына уулануу диагнозу менен, 1 бейтап I даражадагы күйүк алган. 4 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда, 2 […]Читать далее
Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоонун кесепетинен 2 адам каза таап, 15 адам эвакуацияланды. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө.Читать далее
Бүгүн, 2-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасынан өрт чыкты. ӨКМден билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 1 автошаты, 5 күжүрмөн эсеп, штаб, ошондой эле Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 21:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тилсиз жоо болжол менен 250 чарчы метр аянтты камтыган. Коопсуздук […]Читать далее
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 20 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бүгүн, 1-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батирден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:54тө Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ошондой эле №8 автошаты тартылган. Өрт саат 18:25те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен […]Читать далее
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 30-декабрда Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кеткен 3 жаран толук табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иш-чараларына Кыргыз Республикасынын ӨКМнин куткаруучулары тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында жарандардын бардыгы табылган. 2025-жылдын 30-декабрында изделип жаткан жарандардын биринин сөөгү аталган каналдан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 31-декабрда саат 09:50 чамасында […]Читать далее
Акыркы 5 жылда Кыргызстанда жалпы 21 миң 975 кырсык катталып, 1 780 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, жалпысынан бул мезгилде өзгөчө кырдаалдардан, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 25 млрд сомдон ашкан. Ушул аралыкта ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 1 664 адамдын өмүрү сакталып калган.Читать далее
Кыргызстанда өрт – эң көп катталган жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырсыктардын бири бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, акыркы беш жыл ичинде 18 миң 693 өрт катталып, 248 адам каза болгон. Ошондой эле бул мезгил аралыгында 300дөн ашык табигый кырсык катталып, анын кесепетинен жалпы 3 171 адам каза болду.Читать далее
Ошто иске ууланып, 3 бала каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-декабрда Баш-Булак айыл аймагынын 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн. Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги […]Читать далее