Кыргызстанда бүгүнкү күндө 18,4 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылга карата республикалык бюджеттин каражаттарынан долбоордун алкагында 2 млн сомдон ашык каражат 20 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүндү. 2022-жылы соцконтракт боюнча 2800 үй-бүлөгө гранттык каражаттар (100 миң сомдон) тапшырылды. Бул […]Читать далее
Бүгүн саат 21:00дө Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аймактарды байланыштырган аба каттамдарын жандандыруу максатында аэропорттор курулуп жатат. Алды ишке берилди. “Аны менен катар мамлекет учактарды сатып алып, биринчиси каттамдарды аткарып жатат. Бүгүн, кечки саат 21:00дө экинчи учагыбыз […]Читать далее
Кыргызстанда бүгүнкү күндө 34 жаран пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Эске салсак, Кыргызстанда социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы бекитилген. Программанын максаты – социалдык контракттын катышуучуларына мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү. Ишкердик субъекти катары […]Читать далее
Кыргызстанда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. БШК маалымдагандай, бул жарандардын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган. Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети КТБда, 10 ЖОЖдо жана 10 […]Читать далее
Кыргызтанда 21-октябрдан 27-октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 18 мин 682 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 555; мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 237; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – […]Читать далее
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 72 миңдей баланын (83,7%) ата-энеси чет мамлекетке чыгып кеткен. Жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулуп, алар эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.Читать далее
Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат: – кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”; – баасы: 200 сом; – жарактуу мөөнөтү – 1 ай. Маалыматты […]Читать далее
Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев калаадагы автобекеттин көчүрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, буга чейин элди тейлеп келген чыгыш жана батыш автобекеттери жайгашкан жер шаардын чети болуп саналып, курулуш ушул жерге түшкөн. “Ал эми азыр Бишкек шаарынын аймагынын кеңейиши жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу автобекеттерди сыртка чыгаруу учурдун талабы […]Читать далее
Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта. Муну менен катар элчилик аларды өздүк коопсуздуктун максималдуу чараларын камсыз кылууга чакырат. Элчиликтин +982122830354 жана +989352505226, ошондой эле ТИМ консулдук департаментинин […]Читать далее
Кыргызстандын аймактарында 52, Бишкек жана Ош шаарларында 54 калкты тейлөө борборлору бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башкы адиси Салима Туякова билдирди. Анын айтымында, калкты тейлөө борборлору эртең менен саат 8.00дөн кечки саат 18.00гө чейин, түшкү 12.00дөн 13.00гө чейинки тыныгуу убактысы менен иштейт. “Бишкек […]Читать далее