Кыргызстанда атамекендик өндүрүштөгү жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштады. Бүгүн санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева 2 жашар Амалия Бакиралиевага, Ат-Башы районунун тургуну Керималы Мамбетовго, Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз Исматилла Имамалиевге жана Жумгал районунун тургуну Бегайым Байсаловага жаңы үлгүдөгү алгачкы жалпы жарандык жана ID паспортторун тапшырды. Паспорттор “Учкун” мамлекеттик ишканасынын базасында даярдалат. Буга чейин паспорттор чет […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Бишкектеги “Винрок Интернэшнлдин” адам укуктары, билим берүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери боюнча кеңешчиси Ольга ДиПреторо баштаган делегация менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча министрликтин ишинин маселелери көтөрүлүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жана министрлик кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу маселелеринде Winrock International компаниясынын […]Читать далее
Министрлер кабинети жалпы аянты 80 чарчы метрден ашык болгон турак жайлардын ээлери үчүн жылуулукка тарифтерди жогорулатты. Мындай кыймылсыз мүлктүн ээлери ар бир “ашыкча” чарчы метр үчүн жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде төлөшөт. Аянты 80 чарчы метрден ашпаган турак жайларга жылуулук үчүн жеңилдетилген төлөм каралган. Министрлер кабинетинин токтому 2024-жылдын 1-июнунда күчүнө кирет.Читать далее
Эми кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорттор менен уча алышат. Бул тууралуу “Манас” эл арлык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. “Урматтуу “Манас” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрү! Эми санарип ID паспорт менен Кыргызстандын ички каттамдарында учууга болот. Ички каттамдардын жүргүнчүлөрү Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көрсөтүү менен тоскоолдуксуз уча алышат. Ошондуктан, эгер паспортуңузду […]Читать далее
Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 5 айда 7 миңге жакын дыйканга жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, долбоордун алкагында жалпы 2 категория боюнча 2 млрд 661 млн 629 миң сомго 6 миң 664 насыя берилген. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 270480,0 миң сомго 852 насыя берилди, анын ичинен: банктар […]Читать далее
Бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды. “Бүгүн мамлекетибиз ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн берип баштайт. Мурда жалпы жарандык паспорт Германия, ал эми ID-карта Түштүк Кореядан даярдалчу. Ал үчүн мамлекет чет элдик компанияларга 15 млрд сомдун […]Читать далее
Бишкекте жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, бүгүн, 31-майда саат 11:13тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Бишкек шаарынан 50 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Бишкек шаарынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Codify компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун катышуучулары 100 кесиптик лицейде окуучулардын сабакка катышуусун мониторингдөө жана жетишкендиктерин эсепке алуу үчүн Codify LMS системасын орнотуу долбоорун жана беш жылдык иш планын талкуулашты.Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев пиязды экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Ошондой эле жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигинин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты. Жыйында пияз үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды. Жолугушууда учурда […]Читать далее
31-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 853 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 923 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 201 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее