Бишкек – Ош унаа жолунда дрондун жардамы менен жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагынан билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Ош унаа жолдорунда катуу ылдамдыкта айдап, карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталууда. Ошондуктан […]Читать далее
Бүгүн, 5-сентябрдан тарта Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү иш-чаралары токтотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте Кыргызстандын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Эртең, 6-сентябрда мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы саат 10:00дө өлкөгө келип конот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, учак “Асман аба жолдору” авикомпаниясы тарабынан өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат. “Мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында биринчи жолу жарандарды тейлеген учак сатып алынып жатат. Жакын арада экинчи, 2025-жылдын жаз […]Читать далее
Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу алгычында 5 скважинаны ишке киргизүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана район активдери катышты. Бул кошумча 5 артезиан кудуктары калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган. Аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку […]Читать далее
Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Россияга баруудан баш тартуу сунушталды. Тышкы иштер иштер министрлигинен билдиришкендей, Россиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россияга кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргызстандын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына […]Читать далее
Билим берүү уюмдарынын окуучуларына тиешелүү пенсиялык системадагы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду билдирет. Эми билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги студенттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк окуу жайларда окугандар окуусун аяктаганга чейин, бирок 23 жашка чейин баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу. Окуучулар 18 жашка чыкканга чейин маалыматкат тапшыруусуз эле баккан […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААКтын туунду ишканасы “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсы 2-сентябрдан тарта Бишкектен Ош шаарына троллейбустарды ташып жеткирүү ишин баштады. “Кыргызиндустрия” ишканасынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган тендердин негизинде бул ишти алып баруу милдети “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсына жүктөлгөн. “Негизинен 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычалар жеткирилет. Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги соңку кездери эл арасында эттин баасы кескин көтөрүлүп жатканы тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатканына байланыштуу өлкө боюнча мониторинг жүргүздү. Ошентип, 3-сентябрына карата жүргүзүлгөн мониторингке ылайык эт азыктарынын чекене баалары: Чүй облусунда уйдун эти – 523 сом, кой эти – 555 сом, жылкы эти – […]Читать далее
Мамлекетке 147 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого каршы күрөштүн натыйжасында жалпы аянты 0,58 га, баасы 147 млн сом болгон жер тилкеси аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Тактап айтканда, мурда козголгон кылмыш ишинин натыйжасында […]Читать далее
7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши […]Читать далее