Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштерин жигердүү улантууда. Былтыр, 2023-жылдын 12-мартында башталган тазалоо иштери көлдүн төрт тарабы боюнча тегерете толук тазаланган. Быйылкы жылы да тазалоо жумуштары колго алынып, 2024-жылдын башынан бери 13 550 кг таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылган. Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, имараттын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана башкармалыктын өздүк курамы катышты. Белгиленгендей, жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык […]Читать далее
Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, тик учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт. “Баасы 60 миң доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаа, тик учактарды чыгарган жана […]Читать далее
Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” жобонун ченемдеринин негизинде кабыл алынды. Чет өлкөдө ишке орноштурууга […]Читать далее
Кыргызстанда 3 айда 818 айыл чарба продукциясынын үлгүсүнө анализ жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, анализдер Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясында жүргүзүлдү. Мында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен европа өндүрүшүндөгү газ хроматографы алынып келинген. Ошентип, 3 ай ичинде жалпы […]Читать далее
Айрым базарлар өрт кырсыктарын ооздуктоого даяр эмес. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады. Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан “Таатан” 1, 2 чакан курулуш базарында жана “Мадина” соода базарында пландан тышкаркы үч күндүк текшерүү иштери башталды. Соода түйүндөрүндө өрт кырсыктарын болтурбоо, адам […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо буйругу чыкты. Ведомстводон маалымдашкандай, мындай чечим “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алынган. Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, […]Читать далее
Президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев жана “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматовдор Бишкек шаарында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатын текшеришти. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, текшерүүгө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисттери дагы катышты. Алар быйыл колдонууга бериле турган объекттеги батирлердин ички оңдоп-түзөө […]Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан Россиянын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча ведомство өз убагында жооп бербей жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди. Ведомстводон маалымдашкандай, КР ТИМи жана чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргызстандын көп жарандары жүргөн мамлекеттердеги коомдук-саясий кырдаалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат. Россияда болгон кайгылуу окуяларды жана […]Читать далее
Мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Акыркы учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталууда. Айрыкча түнкүсүн каттуу үндөр менен жарандардын уйкусун бузуп, катуу ылдамдыктар менен айдап, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Ошол себептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын […]Читать далее