Баткенде маркалоосуз жана ветеринардык күбөлүгү жок товар кармалып, жок кылынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. “Баткен” бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ бажы мыйзамдарын бузууларга каршы күрөшүүгө багытталган текшерүү иш-чараларын өткөрүүдө КР жараны “Б.А.Н” башкаруусундагы «Mercedes» үлгүсүндөгү транспорттук каражат токтотулуп, текшерүүгө алынган. Авто унааны текшерип кароодо товар […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана ардагерлерине 9-майга карата кандай төлөмдөр берилерин тизмектеди. Маалыматка айтылгандай, Жеңиш күнүнө карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 млн 934,5 миң сом каралган, алар төмөнкүдөй түрдө төлөнөт: – Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам – 20 600 сом; – Улуу Ата […]Читать далее
“Спартак” стадионунун 18,3 млн сомдук кичи аренадагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,0713 га жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарып берди. Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленгенин эскертет. – 1-май – Эмгек майрамы; – 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү; – 9-май – Жеңиш күнү. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин […]Читать далее
Бүгүн, 2024-жылдын 16-апрелинде борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин маалымат жыйыны өттү. Мэрдин айтымында, К.Ататүрк сейил багы боюнча чечимди Бишкек шаарынын мэриясы кабыл алып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылган. Бүгүнкү күндө паркта жайгашкан объектилердин ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Муниципалитет тарабынан ыкчам чаралар көрүлөт. «Бизде бардыгын бузуу же объекттердин жарымын калтыруу милдети жок. Баары мыйзам чегинде […]Читать далее
Бүгүн, 2024-жылдын 16-апрелинде борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиев К.Ататүрк паркынын чек ара маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Шаар башчысы кайтарылган аймактар экологиялык абалды жакшыртуу максатында сейил бак катары пайдаланыларын белгиледи. Шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн көчөттөрдү отургузуу, жашыл аянтты көбөйтүү, шарттарды түзүү пландалууда. Эске сала кетсек, 2024-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын […]Читать далее
Ататүрк атындагы сейин багында 198 объект буздурулууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечимдин максаты практын 107 гектарды түзгөн аянтынын чек арасын бекитүү болуп саналат. “Биз 1992-жылдагы кабыл алынган токтомго кайрылып келдик. Бул чечим мурда кабыл алынган бардык чечимдерди, тактап айтканда, жер тилкелерин менчикке […]Читать далее
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) менен Кытайдын Сиань Эл аралык сооданы өнүктүрүү кеңеши соода-экономикалык кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту, деп билдирет КР СӨПтүн басма сөз кызматы. Аталган эки уюмдун жетекчилери Темир Сариев жана Ран Хонбин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Сиань Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан айтылган байыркы Жибек жолун калыбына келтирүү […]Читать далее
Бонецкий лабораториясына 423 млн сом айып салынды. Алар пандемия маалында бааларды жогорулаткан. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Ведомство тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) көрсөтүлгөн сумманы республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык,“Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт дискриминацияга каршы мыйзамдарды иштеп чыгууну БУУ АУЖКБ делегациясы менен талкуулады. Ал Кыргыз Республикасынын ар кандай категориядагы жарандардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди. Министрлер Кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы бекитилгени айтылды. Өткөн жылы өлкө БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясынын […]Читать далее