Алдын ала маалымат боюнча Ош облусу Кара-Суу районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаек айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Кара-Суу райондук ӨКБдан ыкчам топ менен Кара-Суу РМАнын башчысы чыгып кеткен.Читать далее
Алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Алай районунда саат 17:30 чамасында жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Корул айыл аймагынын Тогуз –Булак айылында сел жүргөн. Жерине КР ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Ыкчам топ тартылган.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чыңгызбек бүгүн, 19-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун (DRL) катчысынын жардамчысынын орун басары Николь Чулик менен жолугушту. Анда Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын аткарылышы, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чаралар, эмгекти коргоо маселелери талкууланды. Конфликт болгон аймактардан […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 2:29да Кыргызсандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. (Эмгекчил айылынан 6 чакырым чыгышка, […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки беш бала кайтарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде […]Читать далее
Республика боюнча 144 бал челек чарбасы мамлекеттин колдоосу менен ачылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Социалдык контракт” программасынын катышуучусу Сулайман Батаевге барган иш сапарынын жыйынтыгында билдирди. “Биздин өлкө баалуу бал өсүмдүктөрүнө бай жана товардык балды өндүрүү жыл сайын өнүгүп келе жатат. “Социалдык контракт” программасынын катышуучулары да бул багыттын натыйжалуулугуна баа […]Читать далее
Кыргызстан Россиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет. ӨКМден белгилешкендей, 20 жүк ташуучу унаадан турган “Жардам кербени” бүгүн, 20-апрелде жолго чыгып, Казакстан аркылуу Россиянын Оренбург облусуна жеткирилет. Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу жана транзит менен ташууга керектелчү уруксат кагаздарын (дозволдорду) 1-майдан тарта жокко чыгарат. Бул кадамга 2024–жылдын февраль айында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында боордош өлкөнүн Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу мырза менен жолугушуусу себеп болду. Анда эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин кызматкерлеринен жана […]Читать далее
Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигине пилоттук 70 мектеп жана 30 бала бакча үчүн 5 млн 500 миң сомдук заманбап жабдуулар тапшырылды. Ведомстводон билдиришкендей, жабдуулар Ага Хан фондусунун “Мектептер2030” программасынын алкагында тапшырылды. Анын ичинде интерактивдүү панел, ноутбук, принтер, проектор жана окуу материалдар бар. Бул жабдуулар жана окуу материалдар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер […]Читать далее
Бишкекте 500 орундуу дагы бир бала бакча ачылат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүн калаа башчысы Айбек Жунушалиев Чыгыш-5 кичи району, 18/1 дарегиндеги имаратка барды. Ал жерде мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат. Ага мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты. Учурда аталган объект […]Читать далее