БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкаларын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, мында 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт. БУУнун классификациясына токтолсок, 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү калктын жалпы санынан 4 пайызынан аз болсо, жаш деп эсептелет, 4-7% деңээлинде калк карылыктын босогусунда турат, 7 […]Читать далее
“Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси кайра мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылында мурда “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо комплексине таандык болгон мамлекеттик имараттарды жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкелеринин 4,82 гектары “Кыргыз лифт” ишканасынын карамагында экендиги ачыкталган. Ага ылайык, аталган ишкана өз […]Читать далее
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир катар эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. ДКОнун Эл аралык секретариаты төмөнкүдөй бир катар эл аралык уюмдар менен оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду: Бангладеш Этноспорт Эл аралык ассоциациясы, документке ассоциациянын президенти Аль Мамун кол койду; Азербайжандын Улуттук спорт түрлөрү ассоциациясы, документке президент […]Читать далее
Бүгүн Каракол шаарында 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, батирлердин ачкычын коргоо министри Руслан Мукамбетов тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Каракол шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты. Иш-чаранын соңунда коргоо министри батирлер менен таанышып, аскер кызматчылардын үйүнөн даам сызды. Бул турак жайларды аскер […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады. «Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер! Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Сиздерди бүгүнкү 1-октябрь – Карылар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бул майрам ар бирибизди ата-бабалардан калган асыл салтты, улуу мурастарды урматтап, карыларга болгон сый-урматты дагы бир жолу эске салат. Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо, алардын […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бала Береке» бир жолку төлөмү качан башталаарын маалымдады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы «Кабар» агенттигинин түз эфиринде билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун көп балалуу, өлкөнүн бийик тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактарында туруктуу жашаган энелерге арналган «Бала Береке» […]Читать далее
«Чакан ГЭС» ААК Каракөл ГЭСинин курулушунун 90 пайызын бүтүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Белгиленгендей, учурда негизги курулмалардагы иштер жыйынтыкталды. Тактап айтканда, ГЭСтин имараты, анын ичинде машиналык зал, анда негизги жана көмөкчү жабдуулар орнотулган, башкы суу алуучу курулуш, суу чыгаруу каналы, напордук суу түтүгү. Мындан тышкары, ГЭС тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын тармакка берүү үчүн кызмат […]Читать далее
Кыргызстанда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети 2025-жылдын 24-сентябрында кабыл алган. Бул кызматты ишке киргизүү жарандардын ыңгайлуулугуна багытталган санариптик платформаларды өнүктүрүүгө жана мамлекеттик кызматтарды алуу ыкмаларын кеңейтүүгө багытталган. Кызматты алуу шарттары Айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу үчүн жаран […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, кайрылуу түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. “Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда түз эфирде элге кайрылуу жасайт. Мамлекет башчысынын кайрылуусу УТРК, ЭлТР жана башка телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт. Түз эфирдин башталышы – 21.00″,-деген ал.Читать далее
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөрүү пункттары 1-3-октябрда жана 6-октябрда убактылуу жабылат. Ал эми 4-5-октябрда жүк ташуучу унаалар жана товарлар өткөрүлөт, бирок адамдар өтө албайт. “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрмө пункттарынын иши толугу менен 7-октябрда кайрадан жанданат. Белгиленгендей, “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” пункттары […]Читать далее