Бишкекте үч эм төрөлдү, деп маалымдады КРнын Саламаттык сактоо министрлиги. 2024-жылдын 19-апрелинде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. 1930 гр., 2660 гр., 2660 гр. салмактагы эркек балдар төрөлгөн. Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда КР салык мыйзамдарында каралган социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алуу мүмкүн экендигин эскертет. Салыктык эсептен чыгарып алуу – бул жыл ичинде мурда төлөнгөн киреше салыгын кайтарып алууга мүмкүндүк берген мамлекеттик жеңилдиктин же колдоонун бир түрү. Социалдык эсептен чыгарып алууну салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан […]Читать далее
Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, Талас облусунун дыйкандары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы 30 жылдан бери сорт жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен. Бул көйгөйдү чечүү максатында Айыл чарба министрлиги өнөктөштөр менен биргеликте […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 15-апрелден 21-апрелге чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 22 миң 564 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 440; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 462; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 81; жөө жүргүнчүлөр катышкан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамык оорусу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өткөрдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын соңуна карата республика боюнча кызамык оорусунун 7046 учуру катталса, ал эми үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине карата 8209 учуру катталган, анын 37,5%ын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түздү. Республиканын аймагында өткөн […]Читать далее
Кыргызстанда 2024-жылдын 13-14-жумаларында кызамык оорусу 1,8 эсеге кыскарууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, эпидемияга каршы аймактарда эмдөө иштери жүргүзүлдү. “Май айында бардык аймактарда балдарды эмдөөдөн өткөрүүнү аяктоо пландалууда. Учурда кызамыкка каршы кошумча эмдөөлөр сатылып алынууда”, – деп кошумчалады ал.Читать далее
Ысык-Көл облусунун аймагында 22-апрель саат 01:27де очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Сары-Жаз кырка тоолорунда – Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 27 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 100 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчу сезилген эмес.Читать далее
Эмгек министрлиги эки жылда 1 миңден ашык жалгыз бой энеге өз бизнесин ачууга жардам берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча окутууну ачып жатып билдирди. Анын айтымында, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана аялдардын, биринчи кезекте элет жеринде жашагандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү министрликтин […]Читать далее
Кыргызстанда мопед жана мотоцикл айдагандарга карата масштабдуу рейд жүрүүдө. ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы убактарда, Кыргызстандын аймагында, скутер, мопед, велосипед жана электросамокат каражаттарын башкарган жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын жол эрежесин одоно бузушуп, алар тарабынан ар кандай жол кырсыктарынын саны күндөн-күнгө көп катталып жаткандыгы байкалууда. Мындан сырткары, аба ырайынын жылышы менен борбор калаада жарандардын […]Читать далее
Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда автобустар үч эшиктүү жана алар жүргүнчү ташууга ылайыкталган. “Автобустар грант түрүндө, башкача айтканда, акысыз негизде берилди”, — деди президенттин басма сөз катчысы.Читать далее