Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкектин түндүгүндө жайгашкан жаңы Ош базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. “Ордо курулуш” подряддык уюмунун өкүлдөрү маалымдагандай, базарга тогуз чоң павильон куруу пландалууда. Анда ишкерлер үчүн соода орундары жабдылат. Соода аянттарынан тышкары, долбоордо социалдык инфраструктура объекттеринин: спорт залдарынын, мечиттердин жана медициналык пункттардын курулушу каралган. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, борбор калаада коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысы көтөрүлбөйт, накталай эмес төлөм аркылуу – тулпар картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сомду түзөт. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» […]Читать далее
Кыргызстанда 614 миң гектар кунарсыз жайыт жерлери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Ведомстводон билдиришкендей, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындан улам министрлик Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар. Облустар […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 9 ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде жыл башынан тартып өлкө аймагында 812 миң 177 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталганы, мамлекеттик буджетке 460 млн 588 миң 330 сом өндүрүлгөнү айтылды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган – 10 […]Читать далее
“Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында 80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, министрлик ноутбуктарга баалардын мониторингин жүргүзүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон техникалык спецификацияларга ылайык, коммерциялык сунуштарды кабыл алат. Сунуштар 11-октябрга чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кеч […]Читать далее
Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия өттү. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиршендей, коллегияда аткаруу тартиби жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери талкууланды. Биринчи маселе боюнча уюштуруу-контролдоо башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков баяндама жасады. Жарандардын документтерин жана кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн бузгандыгы […]Читать далее
Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 2 511 кызматкерге 6 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура органдары тарабынан 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна […]Читать далее
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсесинин расмий ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана ал өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жеткиликтүү жана коопсуз аба каттамдарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Кыргызстандын негизги шаарларына каттамдарды сунуштоо менен өзүнүн маршруттук […]Читать далее
Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо. Муниципалитеттин билдиришкендей, колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом. Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү […]Читать далее
Кыргызстанда II чейректе мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калды. “Үстүбүздөгү окуу жылынын экинчи чейрегинен тарта жарандар билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон бул инновациялык инструментти пайдалана алышат”, […]Читать далее